25-июнда Нарын облусунун Кочкор районунда унаага сүзүлүп, жамбаш сөөгү сынган турист Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна которулду. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова SUPER.KG порталына билдирди.
"Немис жаранынын абалы оор болгондуктан жогорку квалификациядагы жардам берүү зарылдыгы жаралып, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна которулду. Экинчи немис жараны амбулатордук дарылануудан өтүп кетти. Ал эми аларды сүзгөн унаанын айдоочусу биздин өлкөнүн жараны, азыр Кочкор аймактык ооруканада. Бул кырсыктан ал дагы жаракат алган", - деди Жылдыз Айгерчинова.
Маалыматка ылайык, учурда дарыланып жаткан эркек киши 1989-жылкы, ал эми амбулатордук дарылануудан өткөн кыз 26 жашта. Буга чейин Нарын облустук Патрулдук милиция башкармалыгынан 33 жаштагы Л.Хесе аттуу аял окуя болгон жерден каза тапканын кабарлашкан.