“Народный” соода түйүндөрүндөгү айрым азык-түлүктөрдүн салмагы таңгакта көрсөтүлгөн салмакка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы бардык ири соода түйүндөрүндөгү текшерүүлөрдүн натыйжасында “Народный” соода жайларынын азык-түлүктөрү, товардын сыртында көрсөтүлгөн салмактан 20 граммдан 250 граммга чейин салмагы жеткен эмес. Мындай көрүнүш аталган түйүндүн 11 дүкөнүндө аныкталган. Жер-жемиштердин, балык, ун, эт, козу карын жана башка ушул сыяктуу азыктардын салмагы кем чыккан. Буга байланыштуу соода түйүндөрдүн жетекчилигине катуу эскертмелер берилди. Эгерде талаптар аткарылбаса аталган соода жайына катуу чаралар көрүлө турганын билдиришти.