Бүгүн, 27-июнда Жалал-Абад шаардык кеңешинин 8-чакырылышынын алгачкы сессиясы үзгүлтүккө учураганы боюнча “Жаңы багыт” көпчүлүк коалициясы маалымат жыйын өткөрдү.
Бул тууралуу SUPER.KG порталына “Жаңы багыт” коалициясынын лидери Сайдилла Чимбердиев билдирди.
“Жаңы шайланып келген 31 депутат 23-июнда сессияга чогулуп, уюштуруу иштерин карамакпыз. Күн тартибине, төраганы жана анын орун басарын, туруктуу комиссиянын мүчөлөрүн шайлоо коюлган болчу. Бирок көпчүлүк коалициянын 18 депутаты гана келип, азчылык каолициянын 13 депутаты белгисиз себептер менен келбей койду. Эми кийинки сессияны 29-июнга белгиледик. Анда да келбей коюшса, регламентти өзгөртүп төраганын орун басарын шайлайбыз. Мыйзамда орун басарды шайлоого 16 депутаттын колу жетиштүү. Антпесе 7 ай болду, шаардын бюджетине бөлүнгөн 350 миллион сомдун башы ачылбай турат. Төраганын орун басарын шайлагандан кийин бюджет боюнча комитетти бекитип, жумушту алдыга жылдырышыбыз керек”, - деди Чимбердиев.
Жалал-Абад шаардык кеңешинде жалпы депутаттардын саны 31. Алардан көпчүлүк коалиция “Жаңы багытта” КСДПдан 8, “Мекеним Кыргызстандан” 4, “Кыргызстан” партиясынан 3 жана “Республикадан” 3 депутат бар. Ал эми азчылыкта “Өнүгүү Прогресстен” 9, “Ата Журттан” 4 депутат.
Белгилей кетсек, аталган шаардык кеңештин былтыркы жылы шайланган депутаттары да белгиленген сессияларга чогула албай аягында ыдырап, кайра шайлоо өткөрүлгөн болчу.