Бүгүн, 27-июнда Бишкек шаарында дүйнөлүк баңгизатын жүгүртүүгө каршы күрөшүү күнүнө карата Бириккен Улуттар Уюму менен Ички иштер министрлиги биргеликте 3 тоннадан ашык баңгизатын өрттөп жок кылышты.
Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.
“Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен 26-июнда жыл сайын дүйнө жүзү боюнча баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү эл аралык күнү деп белгиленет. Буга карата Кыргыз өлкөсүндө ИИМдин баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана башка укук коргоо кызматкерлеринин атайын жүргүзгөн иш-аракеттеринин негизинде алынган чоң партиядагы баңгизаттарын жок кылуу иш-чарасы жүргүзүлдү.
Акциянын жүрүшүндө 162 килограмм героин, 139 килограмм гашиш, 2,5 тоннадан ашык кара куурай жана 139 килограмм апийим өрттөлүп жок кылынды. Күйгүзүү маалында укук коргоо түзүмдөрү менен ыйгарым укуктуу эксперттер көзөмөлдөп турушту”, - деп айтылат.