Белгилүү "Денди" оюн консолу кайрадан сатууга чыгат

Япониялык “Nintendo” компаниясы 90-жылдары белгилүү болгон “Денди” оюн консолунун кичи версиясын кайрадан сатып баштайт. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, “Nintendo” компаниясы “Super Nintendo Entertainment System” атындагы консолун расмий жарыялады. Ага 21 оюн башынан орнотулган, алардын ичинде белгилүү "Super Mario World", "Donkey Kong Country", "Final Fantasy III" оюндары бар.

"Денди" Европа аймагында 29-сентябрдан баштап сатыла баштайт. Ал эми Орусия аймагында консолдун баасы 4999 рублду (5900 сом) түзөрү маалымдалат.

Кошумчалай кетсек, алгачкы “Super Nintendo Entertainment System” Японияда 1990-жылы 21-ноябрда чыккан. Учурунда легендардуу оюн консолу дүйнө жүзүндө миң деген балдарды кубанткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Patirot
2017-06-27 21:30:06
Жаштыкта ойногонбузгоо дендини
+2
novayariga
2017-06-27 22:19:35
Жугору которуп барып алып тытчу элек го чиркин
+1
aibars
2017-06-27 22:54:53
novayariga, хахахаха, жаштыкты эстеттиго чиркин, биз дагы эптеп колго тийген акчага тамак алып жебей денди ойночук эле.
+2
Real_mir
2017-06-27 22:59:26
Ушул денди менин биринчи жеке бизнесим болуучу 3-класста кандайгана сонун кездер
+2
Abdyrashit.Satylganov
2017-06-27 23:08:09
Эх, жаштык кезде мариону, уктабай ойночу элекго....азыр муну жаш балдар ойнобосо деле керек...интернетте вертуалдуу оюндар толтура да
+1
Nurmatova.
2017-06-28 08:02:51
биз дагы болом менен барып ойнойтлек))))кыздардан мен эле барчумун.Сегадан "мортал комбат",Дендиден "супер марио" ойноп чонойдукго чиркин)))
азыр болгондо ойномокмун...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан