Бүгүн, 28-июнда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин Бишкекке иш сапары менен келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Расмий иш сапардын алкагында Вячеслав Володин Жогорку Кеӊештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен тар жана кеӊири чөйрөдө жолугушат. Андан тышкары Өчпөс отко гүлчамбар коюу салтанатына катышуусу күтүлүүдө.
Володин 2016-жылдын 5-октябрында Мамлекеттик Думанын төрагасы болуп шайланган.