Дүйнө жүзүндө болуп жаткан кибер чабуулдарга АКШнын атайын кызматтары күнөөлөнүүдө

Petya аталышындагы вирус дүйнө жүзүнө жайылып жатканын "Касперский лабораториясы" эл аралык изилдөө командасынын жетекчиси Костин Райю социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.

Маалымат каражаттарына жазылгандай, бул вирус дагы WannaCry вирусундай эле компаниялардын компьютерлерине орношкон соң 300 доллар талап кылат. Тез жайылган вирустан айрым өлкөлөрдүн компаниялары жабыркап жатышканы маалымдалууда.

Риа Новости басылмасы бул вирустан Орусия менен Украинанын мунай, телекоммуникациялык жана каржы компаниялары жабыркаганын жазган. "Инфорус" консорциумунун президенти, маалымат коопсуздугу боюнча эксперт Андрей Масалович мындай чабуулдар келечекте дагы кайталанышы мүмкүн экенин айткан:

"WikiLeaks АКШнын Улуттук коопсуздук агенттиги жана Борбордук чалгындоо борбору кибер курал катары даярдап жүргөн 120дай программаны жарыялаган. Программалар хакерлердин колуна түштү, эми алар сөзсүз программаларды колдонушат".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kechirmeni
2017-06-28 10:05:22
кирбер -кибер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан