ЖЫЛНААМА, 28-ИЮНЬ: 75 жыл мурун беларусь адабиятынын түптөөчүсү, акын Янка Купала дүйнөдөн кайткан

75 жыл мурун беларусь адабиятынын түптөөчүсү, дүйнөлүк поэзияда да өзгөчө орунду ээлеген акын, беларусь жана украина адабиятынын академиги, адабий псевдоними Янка Купала (өз аты-жөнү Иван Доминикович Луцевич) 59 жашында Москвада дүйнөдөн кайткан.
Янка Купала Минск облусуна караштуу Молодечненский районундагы Вязынка кыштагында 1882-жылы 7-июлда туулган.
Ал 1909-1913-жылдары Петербургдагы жалпы билим берүүчү курстан окуп, аны бүткөн соң Москвадагы Шанявский атындагы элдик университеттен окуган.
Анын “Дыйкан” деген биринчи ыры 1905-жылы Минсктен чыккан “Северо-Западный край” газетасына беларусь тилинде жарыяланган. Чыгармаларынын негизги идеясы – карапайым беларусь дыйкандарынын башынан кечирген оор-азаптуу турмуштарын өзүнүн “Чоор” аттуу ырлар жыйнагында (1908) чыккан жана “Гусляр” (1910), “Турмуш жолу менен” (1913) деген бийик гуманисттик идеяларга сугарылган ырлары жыйнактарында кеңири сүрөттөлүп берилген.
Анын көпчүлүк чыгармаларынын башкы жана түгөнбөс булагы – жаратылыш, адам, элдик ырлар, макал-лакаптар болгон. Акындын “Бүтпөс ыр”, “Коргон”, “Коргондо көргөн түш”, “Бондаровна”, “Арстандын мүрзөсү” аттуу поэмалары элдик ырлардын, легендалардын мотивдери боюнча жазылган.
Бул чыгармаларынын мурдагылардан айырмасы мүңкүрөө, күйүт-арман эмес, тескерисинче карапайым элдин эркиндикке-теңдикке болгон умтулуулары, зомбулукка каршы баш көтөрүп туруштук берип турган күрөшчүл элдин элеси берилген.
Биринчи орус революциясынын таасиринен улам ойгонгон жаш беларустун образы акындын лирикалык мүнөздөгү ырларында жана поэмаларында гана эмес, анын “Павлинка”, “Бузулган уя” деген чыгармаларында да чагылдырылган.
Купаланын “Алыстап бараткан кыштак”, “Жаңы күз”, “Курулуш ыры” аттуу ырлары акындык талантынын ачылганын, чеберчилигинин жетилгендигин күбөлөгөн сапаттары менен айырмаланат.
Акындын чыгармаларын Максим Горький, Валерий Брюсов, Михаил Исаковский, Михаил Светлов, Эдуард Багрицкий орус тилине которушкан. Акын Темиркул Үмөталиевдин котормосунда ырлар жыйнагы (1954, 1982-жылы) кыргызча басылып чыккан.
Купала совет адабиятын өнүктүрүүдөгү жетишкен ийгиликтери үчүн 1928-жылы Ленин ордени менен сыйланган. 1930-жылы адабий ишмердигинин 25 жылдык мааракесинде Беларусь ССРинин эл акыны деген ардактуу наам берилген. 1940-жылы анын “Чын жүрөктөн” деген китеби СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.

28-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан