Бишкектеги "Дордой" спорт-комплексинде "Супер-Инфо" гезитинин "Суперфутбол-2013" мелдеши өтүп жатат. Учурда "Билайн" - ФКБ командалары беттешкен оюндун 2-бөлүгү башталды. Анда “Билайн” командасынын оюнчусу Азамат Мирзакаримов шамдагайлык менен атаандаш дарбазага гол киргизди. Көп өтпөй ФКБ командасынын оюнчусу Илимбек Азыкбаев да атаандаш дарбазага гол киргизүүгө жетишти. Айта кетсек, учурда эсеп 4:0. "Билайн" командасы алдыда.