Кадамжайда жергиликтүү тургундар менен милиция кызматкерлери мушташа кетишкен

22-июнь күнү Кадамжай районундагы Орозбеков айыл аймагында жергиликтүү тургундар менен 2 милиция кызматкеринин ортосунда чыр чыгып, жыйынтыгында 2 бир тууган убактылуу кармоочу жайга киргизилип бирөө коё берилген. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков билдирди.

Анын айтымында, айыл тургуну Исмаил Жээнбаев жолду бөгөп, түтүк менен суу өткөрүп жатканда милиция кызматкерлери менен айтыша кеткен.

"Жергиликтүү тургундар 2 ички иштер кызматкерин сабап коюшкан. Сабагандардын бири Аширов Медер учурда убактылуу кармоочу жайда. Кечээ ата-энеси, жакындары Кадамжай РИИБинин алдына келип, аны чыгарууну талап кылышкан. Аларга бардык маселелер мыйзам чегинде каралып, мыйзам чегинде чечилери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң тарап кетишкен", - деди Исаков.

Ал эми Кадамжай районунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Орунбай Кочкоров төмөнкүлөрдү билдирди:

"Кызматкерлер тургунду сабаганы далилсиз айтылган сөздөр. Учурда бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Кармалган балдар кызматкерлерди абалды териштирбей сабап коюшканын айтышкан".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан