5 ай аралыгында экономиканын өсүшү 6,8 пайызды түздү

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасы 2017-жылдын 27-июнунда эсептик чен өлчөмүн 5 пайыздык деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Бул чечим 2017-жылдын 28-июнунда күчүнө кирет. 2017-жылдын июнь айында инфляциянын жылдык мааниси 4,4 пайызды түзгөн. Ички суроо талаптын бара-бара калыбына келиши өлкөдөгү инфляциялык процесстерине таасир эткен. Ал эми жашылча-жемишке жана кызмат көрсөтүүлөргө баанын жылдык өсүш арымынын жогорулоосу айкын инфляциянын түптөлүшүнө негизги салымын кошкон.

"Кыргыз Республикасынын экономикасында алгылыктуу тенденциялар байкалууда. 2017-жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча экономиканын өсүшү 6,8 пайыз деңгээлинде калыптанды. "Кумтөр" алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда, ички дүң өнүм 2,9 пайызды түздү. Ичтен керектөө да калыбына келип жатат. Экономиканын негизги тармактарында дагы өндүрүштүн өсүшү байкалууда. Экономикага улуттук валютада кредит берүүнүн артышы, ошондой эле чет өлкөлүк валюталары сунуштаган кредиттер боюнча пайыздык чендердин кыскаруу жагына ыкташы потенциалдык көрсөткүчтүн жакшыруусуна таасир этүүдө", - деп маалымдады Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.

Мындан сырткары Улуттук банк инфляцияга таасир эткен тышкы жана ички факторлорго маал-маалы менен баа берип, тиешелүү акча-кредит саясатынын чараларын көрүүнү улантат. Улуттук банктын эсептик чен өлчөм маселесин кароо 2017-жылдын 28-августуна пландаштырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ananasky
2017-06-28 12:56:15
-6,8болсо керек.
+2
Revolyutsiya2
2017-06-29 01:21:12
Биздин бийликтегилер чекеден баары жомокчу!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан