Бүгүн, 28-июнда "Сооронбай Жээнбековго түз суроо" пресс-конференциясында "Ак Кеме" мейманканасынын жетекчиси Руслан Сарымсаков "Мүлк" ишканасы рейдерлик жасоого ыңгайлашкан мамлекеттик эмес ишкана экенин айтты. Ал ишкана жакында гана түзүлүп, атайын рейдерлик жасоого ыңгайлашканын билдирди.
"Ак Кеме" мейманканасын 21-июнда саат 6:00дө эч кандай соттун чечими жок эле, мыйзам бузуулар менен басып алышты. Мен Башкы прокуратурадан бардык маалыматтарды анализдеп, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жана "Мүлк" ишканасынын кызматкерлерин жоопко тартууну өтүнөт элем", - дейт Сарымсаков.
Андан тышкары Сооронбай Жээнбековго "Ак Кеме " мейманканасынын маселеси менен кайрылган соң мейманканага рейдерлик жасалганын айтты. Ошондой эле премьер-министрден мындай маселелерге абайлап мамиле кылууну өтүнөрүн, мурдагы премьер-министрлер да көп нерсеге кол коюп жоопкерчиликти моюндарына алып калышканын кошумчалады.