Кыйраган “Боинг” учагындагы жүктү иликтөөчү депутаттык комиссиянын иши жыйынтыкталды

“Боинг” учагындагы жүктү иликтөөчү депутаттык комиссиянын иши жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, комиссиянын маалыматы жакынкы күндөрү парламенттин жыйынында каралат. Ал эки жума мурда депутаттык комиссиянын жыйынтыгына кол койгонун билдирди. Бүгүнкү жана эртеңки Жогорку Кеңештин жыйынынын күн тартибине бул маселе коюлган эмес.

Эске салсак, быйыл январь айында Бишкектин четинде кулаган “Боинг 747-400” учагындагы жүктү иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

Комиссиянын курамына КСДП фракциясынан Мурадыл Мадеминов, Искендер Кадыркулов, “Кыргызстан" фракциясынан Канат Исаев, Алмаз Баатырбеков, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Мирлан Бакиров, "Бир Бол" фракциясынан Мыктыбек Абдылдаев, "Ата Мекен" фракциясынан Өмүрбек Текебаев, "Республика-Ата Журт" фракциясынан Курманкул Зулушев, Максат Сабиров, Болотбек Ибраимжанов жана эркин депутат Жанар Акаев кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Ananasky
2017-06-28 13:10:08
6 ай дегенде жыйынтыкташтыбы бирок так жооп жокта Текени камагандын себеби да ушул жакта жатбайбы КР Эли ушунчалык момун экенбиздаа , кайран элим .
+12
Adiletto
2017-06-28 18:45:27
Текебаев учактагы жуктун ээсин далилдеп берем деп камалып отурбайбы. Жук кммдики экенин барыбы эле билдикко. ашаны мойнуна алдырыш учун тиги абдилди жок кылыш керек
+2
Izdeim_seni.
2017-06-28 13:50:11
Депутаттарга деги бир Адам ишенеби бул жакта?
+5
Leilektik
2017-06-28 14:04:18
Бул жерде Жанар Акаев чындыкты айтат мына коросунор,Текебаев болгондо баарынын айтып бермек,Акаев эркек жакшы иштеп жатасын жаш болсонда
+5
wwwbaxa
2017-06-28 14:18:01
ачык аттарын айтышпайт баарибир,лагман чойуп жатышат азыр булар...
+4
Patriot7
2017-06-28 17:01:45
Бийликке тиешелуу контрабандалык жук экен деп болгонун болгондой айтууга булардын духу жетпейт!!! Жуктун кичине бир болугу эле Кыргызстандыкы экен, самолет Туркияга барып анан кайра Кыргызстанга келет экен деп чыгышат, элди акмак ойлоп...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан