"Уулумдун операциясына каражат табылса ага өзүм бөйрөгүмдү берем" дейт дартка кабылган баланын апасы

Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну Асылкүл Абдыраимова SUPER.KG'ге 26 жаштагы уулу Урмат Бейшенбековдун абалы күндөн-күнгө оорлоп жатканын билдирди.

"Урмат 4 баламдын эң улуусу, азыр 2 баланын атасы. Орусияда оор жумуштарда иштеп жүрүп 2 бөйрөгү иштебей калды. Москвада катуу ооруганынан ооруканага барса, дарыгерлер "тез аранын ичинде өз жериңе кет, илдетиң олуттуу" дешкен экен. Бул жакка келгенден кийин дарыгерлер текшерип көрүшүп, эки бөйрөгү тең соолуп баратканын, тез аранын ичинде операция жасатуу керек экенин айтышкан. Бул үчүн 30 миң доллар керектелет. Андан бери 6 ай өттү, өз алдыбызча бул каражатты топтой албай жатабыз, баламдын өмүрүн сактап калуу үчүн ар бир күн маанилүү", - дейт Абдыраимова.

Урмат учурда гемодиализ менен күн өткөрүп келет. Ал илдетке кабылгандан кийин үй-бүлөсү менен борборго келишип, батирде жашашат. Гемодиализ үчүн жумасына 21 миң сом керектелет. Урматтын атасы борборго келип кароолчулук жумушка орношкон. Асылкүл Абдыраимова болсо айылдык мектептин китепканачысы болуп иштечү. Урматтын 2 иниси, 1 карындашы бар. Бир туугандарынын экөө студент, бирөө мектеп окуучусу.

"Буга чейин туугандарыбыз дары каражаттарга жардам берип келди, бирок ар кимдин өзүнүн жашоо-тиричилиги бар. Кайра-кайра жардам сурай албай калдык. Баламдын дем алуусу оорлошуп, денесинин баары шишип кетти. Анын кыйналганын көргөн сайын баарыбыз кыйналабыз. Мага баламдын өмүрүнөн башка эч нерсе маанилүү болбой калды. Кудай буюруп, операцияга каражат табылып калса уулубузга мен да, атасы да бөйрөгүбүздү берүүгө даярбыз", - деп кошумчалады Абдыраимова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Aiza-91
2017-06-28 15:40:59
Мекенибизде жумуш орду болсо россияда тентип журот белек бала чаканы ата Эне бир тууганды таштап?????
+9
Shaa-82
2017-06-28 16:05:31
Аллах шыпаасын берсин!
+5
Azat.97
2017-06-28 16:21:43
жаратканым шыпаасын берсин.айыгып кетсин оооммин!!
+1
pixduel1
2017-06-28 16:23:13
Бул мамлекеттин алсыздыгы! Ар олкодон карыздарыбыз осуп эле атат ал акчалар кайда жумшалып жатат? Кимдин чонтогундо? Же олкобуз онугуп , элибиз жыргап жатабы? Айласы жок жаш кары дебей чет олкодо! Ден-соолуктан кетип журот!женилдетуу болуп жатат деп эле ар жерге интервю бересинер ким денилдетуу болгону учун жыргап жата?больницага кирип кирип 2 мин алат! Бул жигитке да кайрымдуу эл жардам кылып калаар...Кайрымдуулук кылып эле гезит бетинен тушпогондор бул жака да кылчайып койгула...
+2
aibars
2017-06-28 16:24:21
Энелер Аманчылыкта болунуздарчы, эне деген журогун беруудон кайра тартпайт. Биздин периштелер.
+4
jonne
2017-06-28 16:30:32
Ассолому алекум Урмат алахым шыпасын берсин !!! Урматтын номери керек болуп атат Москвадан чогу иштеген балдарга корсотум кудай буйрса жардам беребиз мен Самат вува сумасандан
+7
meni_kut
2017-06-28 16:42:20
Бабан байкеге айтсанар.Шайлоо алдында жакшы иш кылып койсо болмок
+2
Алина Айдарбекова
2017-06-28 17:28:12
Саламатсыздарбы? Жардам берүүнү каалагандар төмөнкү номерлер мн байланышсаңыздар болот: Апасы Асылкүл эженин номери 0709702505; Келинчегинин номери 0702919126.
+2
kayratbek81
2017-06-29 01:33:35
Аллах шыпаасын берсин амиин! Сабырдуу болунуз эне баланыз кудайым буйруса жакшы болуп кетет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан