Жакында эле мектеп бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын угушту. Көбү алган баллына жараша жогорку окуу жайларды тандоо, кеңешүү менен алек. ЖРТ окуучулардын келечегине, кесип тандоосуна таасирин тийгизген систем. SUPER.KG порталы акыркы 9 жылдагы эң жогорку балл алган бүтүрүүчүлөр жөнүндө маалымат берет. Алардын көбү жогорку балл алган сертификатын өлкөдөгү окуу жайларга пайдаланбай, билимин чет өлкөдөн улантышкан.
2009-жылы жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку баллды Евгения Щербакова алган. Кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Евгения 242 балл топтогон. ЖРТдагы максималдуу балл 245 болгондуктан Евгения Щербакованы ушул кезге чейин бир да окуучу басып өтө элек. Башкача айтканда, ал ЖРТ боюнча рекорд койгон бүтүрүүчү. Щербакова Түркиядагы эң престиждүү окуу жай - Босфор университетинин эл аралык мамилелер жана саясат таануу факультетине кабыл алынган. Аталган окуу жай жыл сайын Кыргыз өлкөсүнө 2ден гана квота бөлгөндүктөн ага тапшыруу абдан оор.
2010-жылы ЖРТдан 241 балл топтоп Эльмира Бугазова өлкөдөгү мектеп бүтүрүүчүлөрдүн эң алдынкы сабына чыккан. Ал Бишкектеги №6-окуу тарбиялык комплекстин бүтүрүүчүсү. Элмира келечектеги кесибине ээ болуу үчүн Москвадагы Н.Э.Бауман атындагы университеттин програмисттик бөлүмүнө тапшырган.
2011-жылы Кара-Балта шаарындагы №6-мектепти аяктаган Тимур Долгополов аттуу бүтүрүүчү ЖРТдан 237 баллга ээ болгон. Жыйынтыгында Тимур ошол жылдагы эң жогорку баллды топтоп, Борбор Азиядагы Америка университетинин программаны камсыздоону долбоорлоштуруу факультетине тапшырган.
2012-жылы Бишкектеги №61-физика-математикалык мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүсү Мария Лукина ЖРТ боюнча астына ат салдырган эмес. Ал 238 баллга ээ болуп, билимин Борбор Азиядагы Америка университетинен уланткан.
2013-жылы да ЖРТдан эң жогорку баллды Мария аяктаган Бишкектеги №61-физика-математикалык мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүсү Анжела Абдразакова топтогон. Анын баллы 237ни түзгөн. Жогорку билимин Орусиянын Новосибирск шаарындагы мамлекеттик университеттен алган.
2014-жылы бирдей жогорку баллга 3 бүтүрүүчү ээ болгон. 231 балл алып, өлкөдөгү окуучулардын алдына суурулуп чыккан Амантур Каниметов менен Диана Хегай дагы да болсо №61-физика-математикалык мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүлөрү. Экөө тең Борбор Азиядагы Америка университетинен билимин уланткан. 231 балл топтогон дагы бир окуучу - Бишкектеги №29-мектептин бүтүрүүчүсү Дмитрий Бодня да жогоруда аты аталган университетти тандаган.
2015-жылы да Бишкектеги №61-мектеп-гимназиянын окуучусу Вадим Курочкин ЖРТдан өлкө боюнча жогорку көрсөткүчкө ээ болуп, мектеп жамаатын дагы бир жолу кубандырган. Математика менен англис тили сабагын кызыгып окуган Вадим 237 балл алган. Ал да көпчүлүк жогорку балл алган бүтүрүүчүлөр сыяктуу ЖРТнын жыйынтыгын Кыргыз өлкөсүндөгү ЖОЖдорго пайдаланган эмес. Ал Москвадагы Экономика жогорку мектебин тандап, учурда аталган окуу жайда билим алат.
2016-жыл. Кайрадан эле борбор калаадагы №61-мектептин окуучусу Данияр Ибраимов эң алдынкы көрсөткүчкө ээ болду. Данияр 237 балл топтоп, бирок Кыргыз жеринен билимин уланткан эмес. Ал Москвадагы физика-математикалык институттун математика факультетине тапшырган.
Бул жылы да жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку 236 баллды бишкектик окуучу алганы маалымдалган.