Кыргызгидрометтин маалыматына караганда бүгүн, 28-июнда Бишкекте маал-маалы менен жамгыр жаап, күн күркүрөп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге жетиши мүмкүн. Мындан улам Бишкек мэриясы шаар тургундарын этият болууга чакырды. Ошондой эле унааларын дарактардын жана эскилиги жеткен курулуштардын жанына койбоону эскертти.
Мэриянын маалыматына ылайык, 23-июндан 27-июнга чейин аба ырайынын туруксуздугунан улам шаардагы 53 дарак кулаган. Жеңил 6 жана жүк ташуучу 1 унаага бак кулап, 8 адам жабыркады.