Petya вирусу аркылуу алгач Украинанын компанияларынын компьютерлерине чабуул жасалып, андан соң башка өлкөлөргө тараган. Бул тууралуу америкалык басылмалар жазышууда. Кибер чабуулдан эң көп жабыркаганы да Украина өлкөсү болгон.
The Guardian басылмасынын маалыматы боюнча, бул вирус АКШнын Улуттук коопсуздук агенттиги менен иштелип чыкканы болжолдонууда. Ал эми аны Shadow Brokers хакерлер тобу жайылткан. Буга чейин Украина кибер чабуулдарга Орусияны күнөөлөп келет. Өз кезегинде Орусия кибер чабуулдарды жасабаганын билдирген.
ABC News басылмасында бүгүнкү вирус дагы буга чейинки WannaCry вирусундукундай чабуул ыкмасын колдонгону, бул ыкманы АКШнын Улуттук коопсуздук агенттиги иштеп чыкканын жазган.
Белгилей кетсек, аталган вирус АКШнын да, Орусиянын да компанияларынын компьютерлерине залалын тийгизген.