Бүгүн, 28-июнда Жогорку Кеңеште айрым наамдарды жоюуга багытталган мыйзам 3-окууда жактырылды. Жалпы 108 депутат каттоодон өтүп, 103ү “макул”, 5 эл өкүлү “каршы” деп добуш берди.
Мыйзам долбоордун демилгечиси өкмөт. Маалыматка ылайык, мурдагы мыйзамда мамлекеттик сыйлыктарды тапшырууда көптөгөн карама-каршылыктар орун алгандыктан аны кайрадан ыраатташтыруу зарылдыгы жаралган.
Анда “Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн”, “Эмгек ардагери” жана “Кайрымдуулук үчүн” медалдары алынып салынат.