Бүгүн саат 14:00дө SUPER.KG`нин түз эфирдеги кезектеги коногу экс-депутат Ахматбек Келдибеков болот. Суроо узатыӊыз

Жогорку Кеӊештин мурдагы спикери, белгилүү саясатчы Ахматбек Келдибеков 3-июлда саат 14:00дөн тартып SUPER.KG'нин түз эфиринде маек курат. Келдибеков быйыл күздө өтүүчү президенттик шайлоого катышуусу мүмкүн делген саясатчылардын бири. Сизди экс-депутаттын саясий ишмердүүлүгү, өлкөдөгү соӊку окуяларга көз карашы, жакынкы пландары кызыктырса суроо узатыӊыз.

Суроолорду түз эфирге чейин WhatsApp аркылуу +996 557 75-63-63 номерине жибере аласыз. Белгилей кетчү жагдай, түз эфир башталганга чейин "Соңку кабар" аркылуу, тагыраагы, ушул кабардын астына да комментарий таштап, суроолорго жооп алсаңыздар болот.

Ахматбек Келдибеков 3-июлда саат 14:00дө SUPER.KG'нин түз эфиринде
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
ramawka28
2017-06-30 12:24:45
Патриот адам мен колдойм. Ак жерден караланды...
-8
Adiletto
2017-06-30 13:06:25
ramawka28, ХХХ патриотпу. Патриот адам да байлык болбойт макоо
+7
karona12
2017-06-30 15:34:31
Болбойт бул
+7
Dybala.
2017-06-30 16:25:40
Кыргызстан качан онолот?
+2
Hurem
2017-06-30 22:03:17
Бул дуйнодон аркы дуйного эч нерсе алып кетпейбиз. Байлык топтогонда да ченем менен топтош керек деп ойлойм. Менин суроом, сиз кудайдын барына ишенесизби жана эмнеден коркосуз. Кишинин козун май басыптыр деген созго кандай тушундурмо бере аласыз?
+4
Hadyja
2017-07-01 03:11:35
Суроолордун баарына -1 койулуптур,озу окуп,жактырбай коюп чыкса керек.
+4
beklan.kz12
2017-07-01 11:33:53
саламатсызбы?Кыргызстанда жасаган кайсы жумушуңуз жана жетишкендигиңиз сизди аябай кубанткан?Кыргызстанды 20 жылдан кийин кандай элестетесиз?Жети атаңызды атап берсениз.
-3
gitaris93
2017-07-02 19:12:59
Бул жетим сотто олумуш болуп калды эле бугун эртен болот дешти элего элдин акчасын жеген номер биринчи спикери да кртандын муну алуп калса керек деп ойлопмун
+5
hubabubba
2017-07-02 19:54:31
Мелис Мырзакматовдун кызматтан кетишинин эн негизги себеби Келдибеков экенин озу билет бекен. Кыргыз журтунун эн чыгаан, эн пайдалуу уулунун кызматтан кетишине ушул туртку болгон. Ошол учун озун куноолу сезет бекен? Сурап бериниздер, сураныч супер инфо.
+2
hubabubba
2017-07-02 19:57:37
Тагыраагы ушул адамды колдогон эл менен жолугушуу учурунда болгон баары
+2
Revolyutsiya2
2017-07-02 20:06:04
hubabubba, эмне болду эле, бизде андай маалымат жок. Жаза кетсен жакшы болмок.
+1
Abu04
2017-07-03 00:26:25
Комментарий жазганда бир аз Кудайды карап сүйлөсөк жакшы болмок. Фрунзе супермаркетинин Келдибековко кандай тиешеси бар? Жөн эле божомолдоп урдура бересиңерби
-4
Abu04
2017-07-03 00:33:07
Ал эми телевизордон байма бай көрсөткөн Келдибековдун байлыгы боюнча: арест салынган мүлктөрдүн ичинен бир канча жер тилкеси ошол кездеги премьер министрге, көп батирлүү үйлөр аты таанымал саясатчыга тиешелүү болгонун, ген.прокуратура текшербей туруп арест салып, кийин сот бүткөнчө аресттен чыгара албай айласы алты куруганын көпчүлүк карапайым калк биле бербейт да. Андайды албетте коомдук канал көрсөтмөк беле.
-4
Abu04
2017-07-03 00:42:48
Мырзакматов дагы, Келдибеков дагы кыргыз элине каруусун казык кылып иштей турган азаматтар, болгону ит күлүгүн түлкү сүйбөйт болуп саясий оппоненттер тарабынан акчага жалданган,чындык дегенди уруп ойнобогон пиарщиктердин жазганына таң калуунун кереги деле жок.
-4
Patriot7
2017-07-03 01:04:41
Abu04, сен Мырзакматов менен Келдибековду салыштырбай эле кой, экоо асман менен жердей башка башка адамдар...

Келдибеков спикер болуп турганда досу Ташиевди сатып кеткен, президенттик шайлоо ыплас отсо да, аны кормоксон болуп койгон. Болбосо чындыкты айтып агынан жарылса, шайлоо жыйынтыгын тааныбайм деп чыкса болот эле да. Атамбаев тарап Келдибековду сатып алды да, шайлоо буткон сон оной эле кутулушту андан. Болбосо Келдибеков зор авторитетке ээ болчу, ал озун озу сатты!
+3
dobrajelatel
2017-07-03 04:01:30
Саламатсызбы Ахматбек мырза! Чек ара маселеси так чечилбей чыр болуп келет. Ошого карабай жыл сайын кошуналар бизге жылып келет. Чек ара маселесин чечуу ушунчалык оорбу же биз билбеген сыр барбы? Сиздин коз карашыныз?
Азыркы бийликтеги чиновниктер Улуу Кыргыз элин баткакка салып койду. Адам пендеси туболуктуу эмес. Силер баарынар бийликтен бул дуйнодон кетесинер. Андан кийин урпактардын тагдыры сизди ойлонтобу? Келечектеги Кыргызстанды кандай элестетесиз?
0
dobrajelatel
2017-07-03 04:06:23
Сиздин ийгиликтин сыры эмнеде? Конул буруп жооп алып бериниздерчи супер инфо.
-1
Revolyutsiya2
2017-07-03 10:23:48
dobrajelatel, жанылды, алданды, сатылды, сатты, акыры озун сатышты сатып алгандар, ошону менен ыры бутту, ошондо кайсы ийгилик?!

Спикер болуп, коз айнекти кондуруп, сурдуу, акылдуу корунчу эле, анысынан элге пайда болбогон сон, карапайым элге дегеле пайдасы тийбеген сон эмнесин айталы...
+3
admin_superstan
2017-07-03 11:37:26
Revolyutsiya2, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү берилген. 3 күнгө БАН!
-3
torra
2017-07-03 13:47:52
2011-жылы президенттик шайлоодо Камчы досун колдобой башка тарапка басып кеткен эле. Эми үч илтик түзүп чогу барабыз деп соттолгонун мойнуна албай жарышка бара жатат. Амбициясыңызды тыйып эле Мадумаровго бербейсизби?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан