Америкалыктар багып алган кыргыз балдары кыргызча ырдап, бийлешти (фото)

АКШнын Вашингтон шаарында 23-25-июнь күндөрү "Кыргызстан-мураскерлеринин күнү" деп аталган иш-чара өтүп, анда америкалыктар багып алган кыргыз балдарынын жолугушуусу болду. Иш-чарага балдар АКШнын Калифорния, Юта, Техас, Теннеси, Монтана, Огайо, Түндүк Дакота, Нью-Гэмпшир, Пенсильвания, Мэриленд жана Вирджиния штаттарынын келишкенин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы бүгүн, 28-июнда кабарлады.

Иш-чарада АКШдагы Кыргыз диаспорасы тарабынан балдарга кыргыз элинин маданияты, каада-салты, тарыхы, мамлекеттик символдору, ыр, бийлери менен тааныштырып, комуз чертип беришти. Андан кийин балдар дагы кыргыздын элдик ырларын ырдап, бийлеп беришти. Соңунда балдар боз үйдү тигүүгө катышып, улуттук оюндарды ойношту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nurzada_0111
2017-06-28 18:04:39
kandai sonun
-2
Riokyrgyz
2017-06-28 19:08:37
Кандай аянычтуу,ыйлагым келди.Оз Ат-Журтунан алыс жакта огойлонуп осушот,аябай жакшы карап бакса да баары бир журогунун тупкурундо бир сезими ойуй берет.Байкуш балдар,силерди багып алганга кыргыздар табылбады да.аттин ай.
+6
Leilek-razzakov
2017-06-28 21:32:11
Эмне себептен АКШ багып алган?
0
Samina007
2017-06-28 22:39:30
Садагаларым айланайын силерден бөтөн жерде биз жүрөбүзгооо,а силерде эмне айып бөтөн жер,бөтөн эл,бөтөн үй бүлөө.уух койчу жөрөгүм оорум кетти.
+4
Ayida
2017-06-29 14:14:35
Бул жерде бироонун уулу бироонун кызы журотда эхх тороп таштап кеткен канчасы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан