Базар-Коргон районунун Талды-Булак айыл аймагында сел жүрүп, Базар-Коргон-Арсланбап унаа жолу тосулуп калды. Мындай маалыматты бүгүн, 28-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-июнда таңкы саат 05:30дар чамасында жааган жаандын кесепетинен сел калдыктары түшүп, жол тосулуп калган.
"Жаандын кесепети Кызыл-Октябрь айылынын жашоочуларына да зыянын тийгизген. Агып келген сел суулары 8 турак үйдүн короолорун каптаган. Ал эми 1-Май айылында Шайдан сугат каналынын суусу ашып, 17 турак үйдүн, Аук айылында 7 турак үйдүн короолоруна кирген. Учурда жаратылыш кырсыгы келтирген зыян аймактын Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жеринде такталууда. Ал эми жергиликтүү тургундар тарабынан турак үйлөрдүн короолорун тазалоо иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.