Борбор калаада 1-июлда эл аралык йога күнү белгиленет

1-июль күнү Бишкектеги Курманжан датка эстелигинин маӊдайында эл аралык йога күнү белгиленет. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Иш-чара музыкалык чыгармалар менен коштолуп, катышуучуларга жана конокторго Кыргыздагы "Йога элчиси" наамы ыйгарылат. Ошондой эле йога шоусу көрсөтүлөт.

Маалымдай кетсек, Эл аралык йога күнү жыл сайын 21-июнь күнү белгиленет. 2014-жылдын декабрь айында Бириккен Улуттар Уюму “Эл аралык йога күнү белгиленет” деген Резолюцияны кабыл алган. Ал Резолюцияга Кыргыз менен кошо 177 өлкө кошулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан