Бишкектеги айрым үйлөрдү Чоң Чүй каналынан ашкан суулар каптады

Чоң Чүй каналдын көтөрүлүшүнөн улам Бишкектин Кара-Балта көчөсүндөгү 151, 151/1 жана 149-үйлөрүн суу каптап кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй суу чарба башкармалыгы тарабынан шаардагы жерлерди сугарууга каналдан секундасына 40 метр куб суу коё берилген. Жыйынтыгында суу каналдан ашып кеткен.

Министрлик башкармалыкка сууну азайтуу өтүнүчү менен кат жолдоп, борбордо тазалоо иштерин жүргүзүүнү суранышкан. 26-июнда суунун кубаты секундасына 32 метр кубга азайтылган. Учурда суу астында калган аймактарда жээктерди бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Кооптуу делген Аламүдүн жана Ала-Арча каналдарында токтоосуз көзөмөлдөө иштери жүрүп жатканын кошумчалайт ӨКМ.

"28-июнга карата бир нече дарыяларда суунун өз нугунан жогору болгону катталган. Алар: Жыргалаң, Ак-Суу, Ала-Арча,Чоң-Кайыңды, Талас, Беш-Таш, Ур-Марал, Тентек-Сай жана Майлуу-Суу. Бул абалга байланыштуу элден өзгөчө кырдаалга даяр болуусун өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан