Кылкандуу дан эгиндеринин түшүмүн жыйноо өлкөнүн түштүк аймагында башталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Республикада биринчилерден болуп Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын райондорунда дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери башталды. Дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү өткөн жылга караганда көп жыйналышы күтүлүүдө.
"Оруп-жыйноо мезгилинде комбайндардын өз ара алмашып иштеши көзөмөлгө алынып, биринчи бышкан эгин талааларынан баштап кийинкилерге карап жылып орулууда. Мындай алмашуулар райондордун ичинде жана бир облустан экинчи облуска барып жардам берилүүдө. Дан эгиндерин оруп-жыюуда ар бир комбайнга туура келген аянты 100 гектардан 305 гектарга чейин түзөт", - деп билдирди басма сөз кызматы.