Кытайда оорулуу кызын атасы мүрзөдө жатууга көндүрө баштады

Кытай Эл Республикасынын Нэйцзян шаарындагы Сычуань провинциясындагы фермер Жан Линьгдин 2 жаштагы кызы оор илдеттен жабыркайт. Кызын дарылатууга каражат таба албай калган ата ага көрүстөн казып, күн сайын бош убактысын ошол жерде кызы менен өткөрөт. Линьг наристени алдын ала мүрзөгө жатууга көндүрө баштаганын Daily Mail басылмасы Кытайдын ЖМКларына таянып жазууда.

Фермердин кызы талассемия - кандагы гемоглобиндин төмөндүгүнөн жабыркайт. Мындай абал бара-бара адамдын кан айлануусундагы көйгөйлөргө алып келет.

Линьг жубайы экөө наристени дарылатууга 15 миң доллар каражат сарптаган, мындан ары ага каражат табууга кудуреттери жетпей калган. Жакын арада кызымдан түбөлүккө айрылам деген ата тагдырына баш ийип, анын мүрзөсүн алдын ала казган. Социалдык тармактарда кызы менен мүрзөдө чогуу жатып, аны таптап жаткандагы атанын видеосу колдонуучулардын зээнин кейиткен. Алардын жанында кыздын кош бойлуу апасы отурат. Наристе кыздын бейкапар ит менен ойноп жаткандыгы да тартылган. Апасынын колундагы кагазда жана курсагында алардын элден жардам сураган банктык эсеби жазылган.

Бул үй-бүлөнүн аянычтуу тагдырын видеодон көргөндөр фермердин кызынын оорусун айыктырууга каражат жагынан жардам берүүнү каалагандар табылат деген оюн билдирүүдө.

Кытайда атасы оорулуу кызын мүрзөдө жатууга көндүрө баштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
adimyrza
2017-06-29 10:07:55
Эх наристелерибиз оорубасынчы Аллахым баардык наристелерге ден соолук берсин
+16
meni_kut
2017-06-29 10:15:02
таш журок адамдын да козунон жаш акчу абалда экен...
+6
Jaloshtalnarisbatchui
2017-06-29 10:18:21
эн чон байлык ден соолук
+5
anuvar0903
2017-06-29 10:24:04
Ex
+2
upol92
2017-06-29 10:25:18
Аллахым шыпаа берсин. Бирок олбогон адамга корустон казуу болбойт Эле.
+2
bema_bema
2017-06-29 10:28:14
каяктан кордум бул нерсени
+2
Tansuluu09
2017-06-29 11:05:02
Кытайда адамды комбойт элего

Наристеге боорум ачыды ((((
-3
Patriot7
2017-06-29 12:18:01
Tansuluu09, комбой эмне кылат экен?!!
-3
Tansuluu09
2017-06-29 12:47:25
Patriot7,орттошотко
-3
Medinaa
2017-06-29 11:13:11
Жүрөктү оорутат го(
+4
Mumu1986
2017-06-29 14:02:22
Кытайдын Эли коп , бир юаньдан чыгарсада жетээр... Негизи Кытайда адамды орттошот. Баарибир журок ооруй турган видео экен.
+2
tursunbaev78
2017-06-29 15:24:23
Кытайда өрттөгөнү да көмгөнү да бар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан