Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айылынын жашоочуларына электр энергия, таза суу түтүгү тартылган. Мындай маалыматты бүгүн, 29-июнда SUPER.KG порталына Өзгөн районунун акими Олжобай Осмоналиев билдирди.
"Жергиликтүү жашоочулардын айылга таза суу, электр энергия тартылбай жатат дегени туура эмес. Азыр ар кимде мүмкүнчүлүк бар. Сүрөткө тартып маалымат каражаттарына жиберип жатат. Мындай иштерди саясатташтырбаш керек. Көчкүдөн жабыркагандарга электр энергия, таза суу жеткирилген. Мүмкүн болсо журналисттер келип аткарылган ишти чагылдырып кетишсе болот", - деди район акими.
Эске салсак, буга чейин окурман "Элдик кабарга" "Көчкүдөн жабыркаган тургундарга эмдигиче таза суу, электр энергия толук бериле элек" деп билдирген.