Билим берүү министрлиги окуу жай, окутуучу, окуучу жана окуучулардын ата-энелеринин жеке маалыматтык базасын түзөт

Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын ата-энелеринин жеке маалыматтарын топтоп жаткандыктары жөнүндө билдирүүлөр тараган. SUPER.KG порталы бул тууралуу министрликтен маалымат алды.
Окуучулардын ата-энелеринин жеке маалыматтарынын базасын түзүү - биринчи кезекте билим берүү менеджментинин жаңы системин киргизүү зарылдыгына байланыштуу", - деп билдирди министрликтен. Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системин түзүү окуу жылдын аякташына жана өргүү мезгилинин башталышына байланыштуу 2017-2018-окуу жылынын ноябрь айына жылдырылган.

"Автоматташтырылган маалыматтар базасы – бул окуучулардын ата-энелери жөнүндөгү маалыматтардын топтому. Бүгүнкү күндө мектепке барбаган балдар тууралуу расмий статистика өкмөттүк эмес сектордун жана эл аралык уюмдардын маалыматтарынан айырмаланат. Түзүлгөн база мектеп курагындагы окубай калган балдарды аныктоодо да жардам берет. Мындан тышкары бул систем бюджеттик чыгашаларды натыйжалуу пландаштырууга мүмкүндүк берет", - деп жазылат маалыматта.

Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системин түзүүнүн биринчи этабында статистикалык маалыматтардын электрондук базасы түзүлөт. Анын ичинде билим берүү уюмунун паспорту, окуучулар, ата-энелер жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлери жөнүндөгү маалыматтары киргизилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан