Бишкекте чет элдик дарыгерлердин катышуусунда Урологдордун эл аралык форуму өтүүдө

Бишкекте чет элдик дарыгерлердин катышуусунда Урологдордун 3-эл аралык Ысык-Көл форуму өтүүдө. Ага Кыргыз мамлекетинин дарыгерлеринен сырткары Австрия, Казакстан, Грузия, Орусия жана башка мамлекеттерден медицина илимдеринин докторлору, профессорлор катышып жатат. Уюштуруучулардын бири медицина илимдеринин доктору, профессор Жаныбек Мамбетовдун айтымында, форум жаш урологдордун билимин жогорулатуу, практикалык жактан жаңы нерселерди өздөштүрүү максатында өтүп жатат.

"Чет өлкөлөрдөн келген урологдор жергиликтүү дарыгерлерге лекцияларды окушуп, форум жыйынтыкталганда сертификаттарды тапшырышат. Алар урология тармагындагы техникалык жабдыктарын алып келишип, мастер-класстарды өтүп жатышат. Мисалы, кечээ 3D операциянын кандай жасаларын бизге онлайн режиминде көрсөтүштү", - дейт ал.

Чет элдик дарыгерлерге Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору тарабынан аталган окуу жайдын ардактуу профессору наамы ыйгарылды. Австриялык уролог Боб Жаван мындай регионалдык жолугушуулардын мааниси чоң экенин билдирип, өлкөдөгү медицинанын урология тармагын өнүктүрүү жолдорун айтып берди.

Конференцияга келген белгилүү хирург Мамбет Мамакеев: "Учурда өлкөдө бөйрөк ооруларынан жабыркагандардын саны күн санап өсүүдө. Алар дарылануу үчүн чет жерге барууга каражат таппай кыйналып жатышат. Бөйрөк алмаштыруу боюнча операция жасоо биздин хирургдардын колунан келет. Ушул маселеге көңүл буруп коюуңарды өтүнөм", - деп саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге, урологдорго кайрылды.

Форумдун алкагында борбордук мейманканалардын биринде жарманке уюштурулуп, анда музыканттар кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарында ойношуп, бийчилер улуттук кийимдерди көрсөтүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан