Өлкө аймагында жер титирөөлөрдүн саны көбөйүп, активдешүүдө. 2016-жылы 13 миңдей ирет жер силкинген

Өлкө аймагында жыл сайын жер титирөөлөрдүн саны көбөйүп жатат. Мындай маалыматты бүгүн, 29-июнда SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин илимий практикалык конференциясында Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана божомолдоо жүргүзүү департаментинин директору Анаркул Айталиев билдирди.

"Өлкө аймагында 2015-жылга чейин кубаттуулугу төмөн болгон жер титирөөлөрдүн саны 3500-3800гө чейин катталчу. Соңку жылдарда жердин силкиниши көбөйүп жатат. 2016-жылдын ичинде 13 076 жолу жердин термелиши катталган. Анын ичинен 256 жолку жер титирөө 2 баллдан 5 баллга чейинки көрсөткүчкө жеткен", - деп билдирди Айталиев.

Анаркул Айталиевдин маалыматына ылайык, 2017-жылдын 5 ай аралыгында 5226 жолу жер титиреген. Анын ичинен 200 жолку жер кыймылдоо 2 баллдан 5 баллга чейин жеткен. Соңку жылдарда жер титирөөлөрдүн саны көбөйүп, активдешип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
-Sumitra-
2017-06-29 13:40:06
Аллах озу сактасын!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан