Баткен облусунун Баткен районундагы Таян айылында сейрек кездешүүчү боз эчки эмердин жергиликтүү тургундар тарабынан кармалып, 2 миң сомго сатылып жатканы кабарланган. Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы SUPER.KG'ге бул факты боюнча териштирүү иштери башталганын билдирди.
"Баткен ОИИБинде мындай факты катталган жок, бирок ал боюнча териштирүү иштерин Баткен РИИБинин милиция кызматкерлери жүргүзүп жатат. Сөзсүз түрдө факты аныкталса, мыйзамдын негизинде иштер жүргүзүлөт", - дешти маалымат кызматынан.
2016-жылы Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция Кыргыздын аймагында юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирген зыяны үчүн айып өлчөмдөрүн
жарыялаган. Анда боз эчки эмер Кызыл китепке киргизилгени жана аны мыйзамсыз атуу, кармоо жана жок кылгандыгы үчүн
4000 сом айып пул салынары көрсөтүлгөн.
Маалымат үчүн: Боз эчки эмер (дагы бир аталышы боз зем-зем, Орто Азия фаунасындагы ири кескелдирик) Иран, Афганистан, Орто Азия жана Түштүк Казакстандын бир топ аймактарында байырлайт. Ал эми Кыргызда тоо этектеги зоналарда, капчыгайларда, Чүй жана Талас өрөөндөрүндө мурун кездешкени айтылат. 1985-жылы Ош шаарына жакын издери табылган, 1992-жылы Көк-Жаңгак шаарына жакын, 2005-жылы Баткен облусундагы айылдардын биринде байкалган.
Бардык жерлерде сейрек кездешет. Жашыныш үчүн кемирүүчүлөрдүн, куштардын, таш бакалардын ийиндерин кеңейтип пайдаланат, узуну 3 метрге чейин жеткен да ийин казат.