Орусия Сириянын деэскалациялык аймактарына катышууга эч кимди мажбурлап көндүрбөйт. Мындай оюн РИА Новости агенттигине Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Геннадий Гатилов билдирген.
Гатилов агенттикке Казакстан жана Кыргыз мамлекети өздөрүнүн аскерлерин Сирияга жөнөтүү мүмкүндүгү тууралуу билдирүү жасап жатып: "Биз эч кимди күчкө салып көндүрбөйбүз. Учурда деэскалациялык аймактар боюнча документтик келишимдердин аягына чыгаруу процесси жүрүп жатат. Келишимдерди бекитүү Алматыда болот", - деп айткан..
"Ушул жылдын 4-5-июлунда Астана шаарында 2011-жылдан бери согуш жүрүп келе жаткан Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр өтөт", - деп жазылат маалыматта.