Жергиликтүү сайттардын бирине ушул жылдын 29-майында Кызыл китепке киргизилген боз эчки эмер 7 миӊ сомдон сатылары тууралуу жарыя калтырылган. Андагы номер боюнча Каныбек аттуу Баткен районунун тургуну менен байланыштык. Алгач ал боз эчки эмерди сатып иштебей турганын айтып, бирок керек болсо көрсөтүп берүүгө даяр экенин SUPER.KG`ге билдирди:
"Эчки эмер сатылып кеткен. Жолдон чыга калганынан кармап, жарыяга берсем бирөө чалып алып кетти. Унаа тебелеп кеткен экен. Эми качан болору белгисиз. Баткендин өзүнө келсеӊиз табыш, кармаш кыйыныраак. Келсеӊиз, көрсөтүп берем. Кызыл китепке киргенин да билбейт экенмин", - дейт тургун.
Ал эми эчки эмерди жарыя берилгенден көп өтпөй 2 миӊ сомго сатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, бүгүн, 29-июнда боз эчки эмердин жергиликтүү тургундар тарабынан кармалып, сатылып жатканы тууралуу маалымат тараган. Ал эми Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы бул факты боюнча териштирүү иштери башталганын билдирди.