Парламентте мугалим болуп эмгектенгендердин пенсиясын көбөйтүү сунушталды

Бүгүн, 29-июнда парламенттин жыйынында мугалим болуп эмгектенгендердин пенсиясын көбөйтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири депутат Евгения Строкова мугалимдердин эмгегин жогору баалоо максатында пенсиясын көбөйтүү керек экенин билдирди. Анын айтымында, 20-25 жыл мугалим болуп иштегендерге 10 миӊ 346 сомго, андан ашык иштегендерге 12 миӊ 933 сомго чейин көтөрүү зарыл. Мамлекеттик бюджеттен жылына 1 миллиард 173 миллион сом көлөмүндө кошумча каражат талап кылынат. Мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирүүгө тийиш.

Каржы министрлигинин өкүлү мыйзам долбоору азырынча кошумча каржы булактары тактала электигин билдирди. Депутаттар мыйзам долбоордун концепциясын добуш берүүгө жөнөттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bakulya2015
2017-06-29 15:32:19
Эгер бул сунушунуз ишке ашса,Алла ыраазы болсун!
+2
Elia2015
2017-06-29 15:34:26
шайлоо алдындагы дагы бир пиары да бийликтин
-2
Gena1
2017-06-29 15:45:51
Республикабыздын бюджети аз болгондуктан, айлык акыларды кобойтуу маселеси кыйын да. Болбосо мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы 5 000 (беш мин) сомдон. Арга жок иштеп атышат стаж керек деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан