Бишкектеги "Нарын" рестораны жайгашкан жер тилке сатылары тууралуу жарыя жарнамалык сайттардын бирине жайгаштырылды. Аталган маалыматта Михаил Фрунзе жана Султан Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде "Нарын" рестораны жайгашкан 1 гектар 30 сотых жер тилке 5 миллион 500 миң долларга сатылары жазылат. Кулактандырууда көргөзүлгөн номер аркылуу байланышканыбызда, соттук иштер жакында толук аяктай турганын, жердин Кызыл китеби бар экенин билдиришти.
"Нарын" рестораны жайгашкан жер тилке шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Ал 1982-1983-жылдары Брежневге бункер катары курулуп, коопсуздук жана сапаты жагынан биздин өлкөдө Ак Үйдөн кийин эле турат. Бул баа эң эле арзан баа. Анткени бул жерди шашпай сатса, 10 миллион доллардан ашык турат. Аскар Акаевдин башкаруу убагында имаратты ээсинен тартып алышкан, эми ал кайра сот аркылуу кайтаруу аракетин көрүп жатат. Жакында соттун чечими чыгат", - деди имаратты сатыкка койгон кыймылсыз мүлк агенттигинин өкүлү.
Ал эми Бишкек шаарынын архитектура башкармалыгынан "Нарын" ресторанын 2016-жылы 9-августта атайын түзүлгөн комиссия "имарат жараксыз абалда, архитектуралык баалуулуктарын жоготкон, маданий мурас катары талаптарга жооп бербейт, реконструкциялоо максатсыз" деп табышканын кабарлашты. Ошондой эле учурда анын ордуна башка курулуш түшө тургандыгы тууралуу арыз келбегендигин билдиришти.
Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков рестораны сүрдүрүлө турганын айткан. Ал эми КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина “Нарын” ресторанын бузбоого чакырып, тарыхый жана маданий имаратты капиталдык оӊдоодон өткөрүп, Жаштар ордосуна айландыруу керектигин айткан.