Кыйраган Боинг учагындагы жүктү иликтөөчү депутаттык комиссия: "Жүк жеке адамга таандык болгон эмес"

Кыйраган Боинг учагындагы жүктү иликтөөчү депутаттык комиссия жүк жеке адамга таандык болгон эмес деген жыйынтык чыгарды. Бул тууралуу аталган комиссиянын өкүлдөрү журналисттерге билдиришти.

"Учакта болгон 83 тоннадан ашуун жүктүн 1 миң 910 килограммы Кыргыз мамлекети үчүн болгон. Калганы башка өлкөлөргө таандык. Комиссия бул иликтөөнү аягына чыгаруу үчүн Башкы прокуратурага тапшырма берди", - дешти комиссиядан.

Кечээ, 28-июнда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров SUPER.KG порталына депутаттык комиссиянын иши жыйынтыкталганын билдирген.

Эске салсак, быйыл январь айында Бишкектин четинде кулаган Боинг 747-400 учагындагы жүктү иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

Комиссиянын курамына КСДП фракциясынан Мурадыл Мадеминов, Искендер Кадыркулов, “Кыргызстан" фракциясынан Канат Исаев, Алмаз Баатырбеков, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Мирлан Бакиров, "Бир Бол" фракциясынан Мыктыбек Абдылдаев, "Ата Мекен" фракциясынан Өмүрбек Текебаев, "Республика-Ата Журт" фракциясынан Курманкул Зулушев, Максат Сабиров, Болотбек Ибраимжанов жана эркин депутат Жанар Акаев кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Begmat1992
2017-06-29 17:48:42
Ошол 1910кг жук кимдики екен шефинердикиби?
+6
Nazi_92
2017-06-29 17:58:30
баары билип бутту уже иликтеп доказать этип жаап жашырыштын кереги да жок!!!
+8
Patriot7
2017-06-29 20:48:55
Шефинин "артын" жаап журушот, уят-намысты жыйыштырып коюшуп!!!
+2
Muslim_KGstana.
2017-06-29 20:49:55
Калп/Текебаев бекеринен камакта отурган жок да.
+3
Adiletto
2017-06-30 09:39:58
Muslim_KGstana.,
Жук ээси кудайдан коркпогон кутурган адам.
Кудай астында Суракта кыйын болоорун ойлопта койгон жок.
0
Gordyi_Volk
2017-06-30 03:04:36
Эл баарын билет каратып туруп алдашатко
0
Nendi15
2017-07-01 00:36:54
Таппасан сыйпалап кал,дан дан дан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан