Депутаттар 5-мартты Ак калпак жана кыргыздардын улуттук кийими күнү деп белгилөөнү колдошту

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңеште 5-мартта Ак калпак жана кыргыздардын улуттук кийими күнүн белгилөө тууралуу токтом долбоору жактырылды.

Демилгечи КСДП фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева бул күндү белгилөө өлкөдөгү жеңил өнөр жайлардын жана туризмдин өнүгүүсүнө таасир тийгизе тургандыгын айтты. Ошондой эле Кыргыздын улуттук кийимдеринин күнүн белгилөө менен чет элдиктерге улуттук кийимдердин улуулугун даңазалоо боло турганын белгиледи. Депутаттын айтымында, аялдардын баш кийимине жана жалпысынан кыргыздын улуттук кийимине толук көңүл бурулбай келгендиктен ошол күндү Ак калпак жана кыргыздардын улуттук кийими деп белгилөө сунушталган. Жыйынтыгында 85 депутат токтом долбоорун колдошту.

Эске салсак, 2016-жылы кабыл алынган токтомго ылайык, 5-март - Ак калпак күнү деп белгиленип келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Adil706070
2017-06-29 16:26:33
Негизи ак калпак кунун Рысбек Жабиров демилгелеп чыкты эле го коомго. Алтыбаева парламентте даяр бышкан ашты жегендей эле болуп жатат
+1
Seryi-Kardinal
2017-06-29 16:37:14
vyhodnoi bolo beken
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан