Бишкекте "Супер-Инфо" гезитинин "Суперфутбол-2013" мелдеши уланууда. Учурда “Мегаком” - “Аюу” командалары беттешип жатат. Алгачкы болуп “Аюу” командасынын оюнчусу атаандаш тараптын дарбазасына гол киргизсе, аларга жооп катары “Мегаком” командасынын футболчулары катары менен 3 топ киргизишти. Ошентип, мелдештин 1-бөлүгү 3:1 эсебинде аягына чыкты. Айта кетсек, кийинки оюндарда “О!” – “Келдике”, “Шоро” – АУЦА, “Ырчылар” – “Тамашоу”, КТРК – “Супер-Инфо” командалары беттешет.