Сирия тууралуу эл аралык сүйлөшүүлөргө Кыргыз өлкөсү катышпайт
Сириядагы абалды жөнгө салуу тууралуу ушул жылдын 4-5-июль күндөрү Казакстандын Астана шаарында өтө турган эл аралык сүйлөшүүлөргө Кыргыз мамлекети катышпайт. Мындай маалыматты бүгүн, 29-июнда Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди.
"Буга байланыштуу биздин өлкөдөн расмий байкоочулардын сүйлөшүү марафонуна баруусу каралган эмес", - дейт Кулукеева.
Ушул жылдын январь, февраль, март, май айларында Орусия, Түркия жана Иран мамлекеттери аталган маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.
Ал учун азыр А.Акаев президент болушу керек болчу.
-3
Hadyja
2017-06-29 17:36:42
Анткени Кыргызстандын жообун баары билишет.Ошого катышуунун деле кажети жок,бизге.Кыргызстан суйлошуулордо кандай жооп берсе,суйлошуулор болбогондо деле ошондой жооп берет.
0
Djal1987
2017-06-30 17:11:34
Биз акырын эле оз тиричилигибизди кылайлычы. Бизге эч ким тийбисин биз эч кимге тийбейли. Дуйнодо тынчтык болсун.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.