Билим берүү министрлиги окуучулардын ата-энелеринин өздүк маалыматын топтоону убактылуу токтотту

Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын ата-энелеринин өздүк маалыматын топтоону убактылуу токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда парламенттин жыйынында министр Гүлмира Кудайбердиева билдирди. Министрдин айтымында, маалымат топтоо 2016-жылы эле башталган. Буйруктун саясатка тиешеси жок экенин билдирип, ата-энелердин макулдугу менен иш жүрүп жатканын айтты. Буйрук каралып чыга турганын кошумчалады.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Мирлан Бакиров бул маалымат топтоо маданий тил менен айтканда, "ата-энеңди шайлоого ээрчитип кел" дегенди түшүндүрө турганын белгиледи.

“Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев жарандардын жеке маалыматы боюнча маалыматтык базасын топтоо алардын Конституциялык укугун бузуу болуп санала турганын эскертти.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Totyua.71.
2017-06-30 14:28:35
Мугалимдер эле кыйналды маалымат чогултушуп,жакшы болуптур токтоп ,эч болбогондо эмгек оргуулорундо тынчырааак эс алышсын..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан