Бүгүн, 29-июнда парламентте депутаттар “Каба уулу Кожомкул” көркөм тасмасын тартууну колдоду. Толук метраждуу тасма балбан Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракесине карата тартылат. Маалыматка ылайык, бюджеттен 25 миллион сом керектелет.
"Ата Мекен" фракциясынан депутат Садык Шер-Нияз бир кино тартууга 1-1,5 миллион доллар кете турганын айтты. Ал билдиргендей, анча каражат 1 километр жолду оңдоого кетет.
"Жолдор эки жылда жараксыз болуп калып жатат. Тасмалар түбөлүк калат. Ошондуктан кино тартууга каражатты аябашыбыз керек", - деди ал.
КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев дагы улуу инсандарды даңазалай турган тасмаларды тартуу керек экенин баса белгиледи.
Жыйынтыгында добушка коюлуп, 91 депутат колдоп беришти.