Ош-Исфана унаа жолунда 12 жашар кызды сүзүп кеткен Патрулдук милиция кызматкерине кылмыш ишин козголгон жок. Мындай мааалыматты бүгүн, 29-июнда SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгарылды. Мында кыздын денесине оор жаракат келтирилген эмес. 12 жашар өспүрүм кыз капыстан жолдон чыга калып айдоочу унааны токтото албай калган. Мындан улам милиция кызматкерине кылмыш ишин козгоодон баш тартылды. Ошол эле учурда жабырлануучу тараптан доо арыз жазылган эмес. Милиция кызматкери учурда кызмат ордунда иштеп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматынан.
Эске салсак, 31-май күнү Ош ОИИБинин Патрулдук милиция кызматкери өспүрүм кызды сүзүп кеткен.