Жалал-Абад облусунда беш миңдей бүтүрүүчүнүн аттестаттары жараксыз болуп калды

Жалал-Абад облусунун аймагындагы район, шаарларда мектепти быйыл аяктаган беш миңдей бүтүрүүчүнүн аттестаттары жараксыз болуп калган. Буга “Тартип” аталышындагы басмакана беш миңдей бүтүрүүчүнүн аттестаттарындагы “Кыргыз Республикасынын” деген жазууда “Н” тамгасын кошпой жазып салышы себеп болгон.

Облустук усулдук билим берүү борборунун директору Акылбек Токтосунов жараксыз болуп калган аттестаттарда техникалык ката кеткенин, учурда анын баары калыбына келтирилип жатканын айтты.

Жараксыз болгон аттестаттар кайра жыйналып Бишкекке жөнөтүлгөн. Бул жерде “Тартип” аттуу басмакана техникалык катага жол бергендиктен кайрадан калыбына келтирип жатат. Биз бүгүн, 29-июнь күнү кечке чейин аттестаттардын оңдолгон вариантын таратып бүтөбүз”, - деди Акылбек Токтосунов.

Ошондой эле облустук усулдук билим берүү борборунун директору бул абал бүтүрүүчүлөрдүн жогорку окуу жайына тапшыруусуна тоскоол болбой турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Adil706070
2017-06-29 21:16:24
канча деген акча каражаты кетти ысырапкерчиликтен кутулбай койдукго.
Биринчи 1шт чыгарып алып анан ишене албасанар текшерип коруп андан сон макулдук бербейсинерби.Билим беруу министрлигинин шалаакылыгы ушундан билинет да.Садык Шер бекеринен Манастан узунду айтып чечмелеп беринизчи дебеген да
+17
OMURBEK.
2017-06-30 00:03:33
бизнестин наглый турубу же
+5
lucky_star
2017-06-30 00:03:35
Ар бир адам адашуучу...
-2
nur_zhoni
2017-06-30 00:14:06
Чыгарып жаткандарды албасты басканго
+7
jonne
2017-06-30 00:57:32
nur_zhoni, ха ха
+1
Akahkokych
2017-06-30 01:21:27
бекер отурбай айранга нан малып жеп отур.... дегендей
+1
adilbars
2017-06-30 07:15:25
Мурунку жылы окуу жайлардын дипломдорун жараксыз кылган эле. Сабак болбогон экен да...
+3
Totyua.71.
2017-06-30 09:22:48
Сабатсыздар Жогорку тепкичке чейин жетти,мунун жоокерчилигин Ким тартат?Же ушинтип бузулуп калды деп эле ката жаза берсе болобу?Басмаканадан ката кеткенден кийин ,Кимге ишенебиз ?Басмакана биздин кузгу болуш керек эле,баарын убара кылышты....
+1
Totyua.71.
2017-06-30 14:24:09
Жоопкерчилигин
0
love_you
2017-07-01 11:40:18
шалаакылык. мугалим журналга ката жазып алса, жеп жибере жаздашат. а бул жерде килтейген документ. ээ дабдыраган ненормальныйлар. ушундай-ушундайдан эле онукпойбуз да...ысырапкерчилик деп туура айткансыз. анан аталышын айткыла "тартип" деп. баягы макалдай бп, ичеерге айраны жок баласынын аты Жууратбек беле, иши кылып ушу сыяктуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан