“Скай Мобайл” жана “Альфа Телеком” ишканаларына монополияга каршы мыйзамдарды бузганы үчүн айып салынды. Бул тууралуу мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мобилдик байланыш операторлору түйүндөр аралык байланыш үчүн кызматтын баасын келишимде көрсөтүлгөндөн 50 пайызга көтөрүп жиберген. “Аттандаштык жөнүндө” мыйзамда буга тыюу салынган. Андан сырткары мындай көрүнүштөр жаңы ачылган ишканаларга бут тосуп, атаандашуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Ага байланыштуу 9-июнда административдик иштин натыйжасында эки компанияга 58 миллион сом айып салынган.
Ошондой эле маалыматта мындай айып өлкөдө алгачкы жолу салынып жатканы айтылат.