Жогорку Кеңеш педофилдердин жазасын күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Ага 105 депутат "макул", 2 депутат "каршы" деп добуш беришти.
Демилгечилердин айтымында, учурдагы мыйзамга ылайык, жабырлануучунун ата-энеси арыз жазбай же болбосо элдешүү жолу менен арызын алып салышы мүмкүн. "Мындан улам педофилдерге карата жабырлануучунун арызы болбосо деле кылмыш ишин козгоо укугу тергөөчүгө же прокурорго берүү демилгеленүүдө", - дешет долбоордун авторлору.