2017-жылдын август айында өлкө боюнча 211 санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду орнотуу аяктайт

2017-жылдын август айында өлкө боюнча 211 санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду орнотуу иштери аяктайт. Бул тууралуу Кыргыз маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев кечээ, 29-июнда санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча кезектеги жыйында билдирди.

Учурда калктын 5 пайызын түзгөн радио байланыш жетпеген 326 айыл аймагында жашаган элди санариптик телерадиоберүү менен камсыз кылуу үчүн 211 санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду орнотуу этабы менен жүргүзүлүп жатат. Бул азырынча санариптик берүүнү көрүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгон 227 айылдык аймактын элин санариптик телерадиоберүү менен камсыз кылат.

"Бүгүнкү күндө жалпы республика боюнча 67 санариптик автоматтык телевизиондук ретранслятор орнотулду. 2017-жылдын августунда бардык 211 санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду орнотуу иштери аягына чыгат. Калган 99 айылдын калкы санариптик телерадиоберүүнү спутник аркылуу көрө алышат", - дейт Бакыт Шаршембиев.

Ал аймактарда санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду орнотуу үчүн атайын корголгон өзүнчө бөлмөлөр курулганын жана жер жерлерде санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду орнотуу үчүн өзүнчө атайын жай курулууда жана ал коргоого алынарын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Totyua.71.
2017-06-30 14:19:33
Биринчи бардык жабдыктарын коюп анан очурсо болмок телевизордогу каналдарды, мисалы Токтогул районундагы ,Ничке Сай айылында санариби бар телевизорлор тартпай, эл кыйналууда телеберуу коро албай,
ал жерге автоматтык санарип деле коюла элек буга ким жооп берет ?анан каяктагы отчетту берип жатышат тан калычтуу...Айылдагылар августту кутуп жата берет турбайлыбы акыркысы ошондо бутот деп...
0
tyhcaiym
2017-06-30 19:27:23
бишкекте деле нет сигнал дееп эки үч күн катып калотат биз көргөн каналдар антенадан десек көбүндө ушундай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан