"Конушуңар кут болсун!" Президент куткаруучуларга жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды (фото)

Бүгүн, 30-июнда Бишкектеги Туңгуч кичи районунда президент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды. Өлкө башчы үйдүн ачылышында мындай жакшы жөрөлгөлөр көп болуусун каалап, ар бир батир куттуу болуусун тиледи.

Бүгүн батирлүү болуп жаткан Бишкек шаарынын Өрткө каршы кызматынын 11-бөлүмүнүн улук техниги Эсенгазы Шеримбеков 10 жылдан бери үй алууга кезекте туруп, үй-бүлөсү менен батирден батирге көчүп жашагандыгын айтып, азыр кубанычы коюнуна батпай турганын билдирди. "Абдан ыраазымын. Бүгүн үйлүү болуп жатам. 2007-жылдан бери кезекте тургам. ӨКМда 16 жылдан бери иштейм", - дейт Шеримбеков.

Маалым болгондой, ӨКМнын кызматкерлери үчүн Бишкектеги Туңгуч кичи районунда үч 9 кабаттуу турак жай курулган. Жалпысынан 162 батир бар. Алардын 36сы 3 бөлмөлүү, 54ү эки бөлмөлүү, 72си бир бөлмөлүү. Курулушка 261 миллион сом жумшалган.

Куткаруу кызматкерлери батирлүү болушту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Gulnur1980
2017-06-30 10:59:33
Жаны конуш куттуу болсун баарынарга!
+6
omka100514
2017-06-30 11:20:05
Соонун экенго, дайыма жакшылыктар гана болсун уйунуздордо.
+6
Leilektik
2017-06-30 11:37:27
Атамбаев мыктысыын урааа!
-3
Patriot7
2017-06-30 12:47:16
Leilektik, шефин оз чонтогунон кургансып суйунуп алыпсын го?!!
+4
nurbek56
2017-06-30 12:48:29
Магада бир команаталуу уй берсе эч нерсе болушпайт эле турак жай алуу максатында президентке апаратына министирлерге депуттарга кайрылгам баары жок жардам бере албайбыз деп жооп беришип анан эле башкаларга берише берет. Мен уйлонгом 1-чи группадагы инвалидмин.
+5
gitaris93
2017-06-30 13:41:03
Дача суу конушундагы элдерге берилбей ошо акчага ушуларга бердиби ошондо эмне элдин акчасын алышат. Эгер ошо акчаны башка бир адамга бергенде. Дача суудагы Элди уйлуу кылып жана артканын кайрымдуулукка жумшамак. Олуп мине калбадын АША.
+1
jorgo2411
2017-06-30 23:30:28
gitaris93,дача суудагы кырсык боло електе башталган бул уйлор суйлойт десе еле суйлой бересинби или ошол дача сууда кырсык болот ошолорго беребиз акчаны деп алып коюшу керек беле)))
+2
Revolyutsiya2
2017-07-01 00:11:18
jorgo2411, дача сууда уйсуз калгандар бар. Анын устуно аэропорттун жанында жашоо кооптуу да, зыяндуу да! Ошол жерден участка болуп берген чиновниктерди турмого камаш керек эле эн биринчи!

Элден жуз миллиондой акча чогулду, компенсация болуп да акча тушот. Ошол акчаларга Окмот жанынан акча кошуп туруп, ал жерде жашаган ар тутунго бирден квартира тийе турган кабаттуу бир канча уй тургуздуруп койсо болмок.
-1
Revolyutsiya2
2017-07-01 00:17:57
Дача суда 265 тутун туруктуу жашоочу экен, ошолорго ылайыктап, чогулган акчанын эсебинен кабаттуу уй тургузуп 265 уй-було учун, кырсыктан жабыркаган 31 жаран учун 31 уй анын алардын тируу эн жакындарына (балдары ж.б.) берилип, калган квартиралар ошол дача-сулуктарга 50% скидка менен ипотекалык негизде берилсе жакшы болмок. Мисалы 3 болмолуу квартиралар болжолдуу 2-2.5 миллион сомго курулат экен, Дача-Сулуктар ошол чыгымдын 50%тин 5-7 жылда аз аздан толоп бутушот эле.
-1
grace
2017-06-30 14:25:38
Озгочо Кырдаалдар Министрлигинин кызматкерлери өрт өчүргүчтөр, куткаруучулар өтө оор жумушта иштешет. Жаңы конушуңар кут болсун.
+2
etaj_rus79
2017-06-30 14:56:24
Жай ортолоп калды али дача суудагыларга акча берилбеди ошолорго бербейби биринчи очередь
+1
scorp
2017-06-30 15:19:58
Ооо кудай мен качан уйлуу болом(((
+1
scorp
2017-06-30 15:21:40
чек алгам эми уй сала албай кыйналып жатам((( супер.кж кантип арзан жана тез уй салууга болот ушул жонундо макала чыгаргылачы сураныч((
0
Erke94
2017-06-30 21:42:24
Соонун го.Баткенде да курулуп жатат качан берилет экен аябай кутуп жатабыз супер инфо сураныч билип бергилечи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан