Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жыйынга катышпай жаткан депутаттарга айып пул салуу менен маселе жолго коюлуп жатканын айтты. "Мен бир сырды ачыктайын. Кээ бир такыр жыйынга келбей жүргөн депутаттар айына 19-20 миң сом айып төлөп баштаганда жыйынга катыша башташты. Эми комитет жыйындарына катышпай жаткан депутаттарга да айып салууну пландап жатабыз", - деди спикер.
Спикер бүгүн парламенттин акыркы жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчёт берүүдө.