Бишкектин жолдорун реконструкциялоо иштеринин алкагында бүгүнкү күнгө чейин 1130 түп дарак кыйылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда өткөн маалымат жыйында Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев билдирди. Анын айтымында, совет мезгилинде отургузулган бак-дарактардын көп бөлүгү ирригация системине жана тротуарларга зыянын тийгизген.
Андан сырткары жыйында ушул убакка чейин Бишкектеги 115 миң 551 терек текшерүүдөн өткөнү айтылды. Бул көрсөткүч "Жашылдандыруу" ишканасынын балансындагы дарактардын жарымын түзөт. Алардын 6736сы авариялык абалда экени аныкталып, ушул убакка чейин 2707 дарак кыйылган.
"Жашылдандыруу" ишканасынын жетекчиси Вера Слесарева: "2017-жылдын аягына чейин 17 миң 928 ар кандай түрдөгү бак-дарактарды отургузуу пландалып жатат. Жазында алардын 5 миң 800ү отургузулду", - деп билдирди.