Кыйраган Боинг учагындагы жүктүн ээси тууралуу маалымат сентябрда берилери күтүлүүдө

"Манас" аэропортунун жанына кулаган Боинг учагындагы жүктүн ээси тууралуу маалымат сентябрь айында берилет. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда маалымат жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков билдирди.

Анын пикиринде, бул маселе боюнча чукул жыйынды өткөрүүнүн кажети жок.

Ал эми журналисттердин "Жүк президент үчүн болгонбу?" деген суроосуна төрага "Күзүндө баарын айтып беребиз" деп жооп берди.

Айта кетсек, 2017-жылдын 16-январында "Манас" аэропортунун жанына Түркиянын Боинг учагы кулап, кырсыктан улам 39 адам каза болгон. Учактагы жүктү иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. 28-июнда бул комиссия ишин жыйынтыктаганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
wwwbaxa
2017-06-30 17:18:38
күзгө чейин ким бар,ким жок укпай кеткендер да болот экен да күтүп күтүп...
+6
CAAT
2017-06-30 17:21:31
Шайлоодон кийин, жуктун ээси кеткенден кийин ачыка чыгаргыла эми биротоло.
+4
barakcha
2017-06-30 18:06:40
CAAT,качып кеткенден кийинби?
+5
Dybala.
2017-06-30 17:28:20
Аскар же Курманбектики
-5
suban78
2017-06-30 17:51:08
Dybala.,ошолорго шылтап коер бекен
+2
Anucha
2017-06-30 21:35:26
suban78,Бурак Озчивиттин сериалындай бутуройлу дешкен го )
+2
nazi25
2017-06-30 19:42:07
Мынча чубады тообоо
0
alishsapan
2017-06-30 21:02:54
Сериал кино болуп кетиптирго
+1
beka666
2017-06-30 22:25:35
Биздин депутаттар айнып калышыптыр
+1
bakulya2015
2017-06-30 23:39:47
Буйруса Аллах жазаларын беретго. Тооба кылдым эл учун куйгондорду соттоп,оттошот. Анан адамдардын омурун кыйган и чон суммадагы акчаны эч качан карашпайт. Эгер ошол башка инсан болгондо себепчиси эчак жазасын бермек. Сентябрга чейин ар нерселерди уюштурат булар,элдин башын айлантат башкалардыда камайт ойду келди сотто бийлешет анан эл башы айланганда эптеп септет шайлоону откорот анан ошолор бири-бириге шылтап жаны сериалдар башталып,кундор улана берет.
+2
Revolyutsiya2
2017-06-30 23:57:45
Мына Атамбаевдин завхозу Текебаевди соттон утуп алды, сотко Текебаев озу катышпай туруп!!! Мындай сот Гитлер менен Сталиндин гана убагында болгон болсо керек?! Атамбаев Азаттыктын тизгинин тартты, Занозага 12 миллион илди, хан сарайынын расходунун бир болугун жапканга! Дастан Бекешов соттон утуп алды, Чыныбай Турсунбеков, кыскасы СДПК эмне десе, ошол болуп жатат, СДПК бут Кыргызстанды сатып алгансып!!!
0
Revolyutsiya2
2017-07-01 00:02:54
Ошол кандуу жуктун ээси бийлик!!! Ошол жук президент баш, спикер менен Атамбаевдин завхоздору тош болуп бийликтеги ири коррупционерлер тобуна тиешелуу болуп, Кумтор ж.б.ири афералардан акча жегендей, контрабандадан тушкон киреше да устукан болуштурулгондой болуштурулуп турган! Чыныбай Турсунбеков куздо эмне айтмак эле, бир жомок айтат да! Бул бийлик апрель тонкорушундо, Ош окуясында канча адамдын башын жеди, унчукпадык, эми болсо ачык эле тобобузго жангак чага баштады го!!
+1
Azatbek83
2017-07-01 00:11:42
Шайлоонун алдынан элдин башын айлантып ак болойун деп жатышабы!Калп эле бироого шылтап койушат!Тажатып буттунор баарын жоголгула силерди коргонго коз жок!
+2
aravan.kg
2017-07-01 11:55:00
Турктордун озуно шылтап коюшат карап тургула эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан