ЖЫЛНААМА, 30-ИЮНЬ: Эл аралык астероид күнү

Бүгүн, 30-июнь - Эл аралык астероид күнү. Бул күн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 2016-жылдын 6-декабрындагы резолюциясында майрам деп жарыяланган. Дал ушул датанын майрам катары белгиленишинин себеби - 1908-жылдын ушул күнү Тунгус метеорити Жер планетасы менен кагышып, бул окуя тарыхтагы ири кырсыктардын катарын толуктаган.

Окумуштуулардын пикиринде, Күн системинде өлчөмү 1 чакырымдан ашкан 2 миллионго жакын астероид бар болушу мүмкүн. Алардын көбү Марс жана Юпитер планеталарынын ортосундагы уюлда топтолгон. Жер бардык белгилүү болгон астероиддерден чоң болгонуна карабай алар планетага чоң коркунуч туудуруп келет. Эгерде Жер планетасы өлчөмү 3 чакырымдан ашкан астероид менен кагышса, цивилизация жок болуп кетиши мүмкүн.

30-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан